18.12.2019 13:45

Сөз эркиндиги: “Кожобекке бир сом” аттуу акция башталды

Сөз эркиндиги: “Кожобекке бир сом” аттуу акция башталды

“Ачык саясат плюс” гезитинин жалпы жамааты “Кожобекке бир сом” атуу атайын акция башташты. Жогорку Кеңештин депутаты Коджобек Рыспаевге төлөп берүү үчүн 300 миң сом чогулуп бүтмөйүнчө бул акция мөөнөтсүз улана бермекчи.

“Бүгүн сөз эркиндигин коргоо боюнча Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан нааразычылык акциясына катышып атабыз. Кайдыгер карабаган жарандардын баардыгы бир сомдон акча салып жатышат”, - дейт Назгүл Мамытова.

Айтымында гезиттин банктык эсебинде эч кандай каражат жок. Жана мындай ири сумманы көтөрө алышпайт.

“Эгер 300 миң сом акча каражатын чогулта албай калсак, гезиттин иши убактылуу токтоп калышы мүмкүн”,- дейт Н. Мамытова.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында “Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту” аттуу макала чыккан. Анда аталган депутаттын бир партиядан экинчисине көчкөнү, ал хамелеон катары сүрөттөлөөрү айтылган.

2019-жылдын февраль айында «ар-намысыма шек келтирди» деген жүйөө менен  Кожобек Рыспаев Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Райондук сот 24-майда депутаттын доосун канааттандырып, басылманы 300 миң сом айыпка жыккан. Шаардык сот бул чечимди 5-сентябрда күчүндө калтырган.

Күн мурун, 17-декабрда Жогорку сот каралып жаткан ишти Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин пайдасына чечип берген.