04.10.2018 09:47

Тайландда 5-кабаттан ыргытылган ымыркай аман калды

Тайландда 5-кабаттан ыргытылган ымыркай аман калды

Тайланддын Самутпракан провинциясында жаңы төрөлгөн ымыркай 5-кабаттан учуп түшүп, бирок, банан жалбырактары анын өмүрүн сактап калды, деп билдирет  Daily Mail.

Басылманын маалыматына караганда, окуя 1-октябрда болгон. Жергиликтүү жашоочулар үйдүн артындагы калың банандын арасынан чыккан бөбөктүн ыйын угушкан. Ал жактан киндиги кесиле элек жаңы төрөлгөн кызды табышкан. 

Ымыркайдын ден соолугуна зыян келген эмес, болгону банандын арасында жашаган чиркейлер ар кай жерин чагып коюшкан. Бөбөк ооруканага жеткирилди. 

Полиция кызды терезеден апасы ыргытып жиберген деп эсептейт. Кошуналар терезеси банан өскөн тарапты караган бөлмөдө кош бойлуу кыз жашаганын айтышкан. Азыр ымыркайдын апасы изделүүдө, ага адам өлтүрүүгө аракет кылуу айыбы тагылышы мүмкүн.