13.06.2018 10:39

Тажик жараны мыйзамсыз алынып келаткан 10 тонна дарбыз менен кармалды

Тажик жараны  мыйзамсыз алынып келаткан 10 тонна дарбыз менен кармалды

Өлкө аймагына 10 тонна дарбызды мыйзамсыз алып кирүүгө  аракет кылган тажик жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Окуя  Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айыл аймагында катталган. Тажикстандын  1983-жылкы Дж.К. аттуу жараны Mercedes-Benz 1223 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан 50 метр алыстыктагы жерден  өлкө аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган.

Кармалган жаран дарбыздарды Кыргызстанга алып кирип сатмакчы болгонун жана товарга тийиштүү документтери жоктугунан  мыйзамсыз өтүүнү чечкенин айткан. 

Өлкө мыйзамдары боюнча тажик жаранына административдик айып пул салынды. Кармалган адам жана алынган товар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.