30.05.2020 14:18

Тажикстанга 3 млн сомдук медицина каражаттары алкоголь алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Тажикстанга 3 млн сомдук медицина каражаттары алкоголь алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Кыргыз-тажик чек арасында аткезчиликке шектүү жаран кармалды. Ал коңшу өлкөгө мыйзамсыз жол менен медицина каражаттары менен алкоголь алып бараткан. Бул туурасында мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Жаштык аймагынан чек арачылар 1983-жылы туулган С. Р. аттуу Кыргызстандын жараны айдап бараткан Mercedes-Benz Sprinter унаасын токтотушкан.

Айдоочу өткөрүү бекети аркылуу эмес Тажикстан тарапка товар алып өтүүгө аракет кылганы аныкталды. Жалпы жүктүн наркы – 3 млн 400миң сомдон ашык каражатты түзөт.

Кармалган жаранды жана жүктү чек ара кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп беришти.