13.05.2019 12:21

Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат муфтиятка капаланды. Муфтият жооп берди (видео)

Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат муфтиятка капаланды. Муфтият жооп берди (видео)

Түрк элчиси көңүл чордонунда. Дипломат муфтият уюштурган ифтарга кирбей, мусулмандардын башкармалыгына же торрористтерди, же Түркияны тандайсың деген ультиматум койду.

Дипломатиянын тилине жат сүйлөгөн элчинин кылыктарына тышкы иштер министрлиги баа бере элек. Бирок, серепчилердин пикиринде муфтий ооз ачарга чакырылгандардын тизмесин ылгап түзсө жакшы болмок.

Коноктор тизмесин ким даярдаган эле? Бул окуя кыргыз-түрк алакаларына кандай таасир этиши мүмкүн? April.kg серепчилердин пикирлерин сураштырып көрдү.