22.05.2018 08:48

Түрк президенттигине талапкер өлкөнү НАТО курамынан чыгарууну убадалады

Түрк президенттигине талапкер өлкөнү НАТО курамынан чыгарууну убадалады

Түркиянын президенттигине көз карандысыз талапкер,  Vatan («Ата-Мекен»)  партиясынын лидери Догу Перинчек  эгер шайлоодо ал утуп калса, өлкө НАТО курамынан чыга турганын жарыялады. Бул туурасында саясатчы РИА Новости порталына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Түркия 1953-жылдан бери Түндүк атлантикалык альянска мүчө экенине карабай, НАТО Анкараны душман катары көрөт.  «АКШ террористтик күрд топторуна жардам берип, аларды курал-жарак менен камсыздап келет, андыктан, Түркия менен АКШнын мамилеси азыр эле салкын тартып калган», — деп айткан саясатчы.

Перинчек эгер ал жеңе турган болсо, «Инжирлик аба базасынан америкалык учактар чыгарылаарын, база өзү толугу менен түрк аскерлеринин көзөмөлүнө өтөөрүн» эскертти. Саясатчы ошондой эле, мартта Израиль, Греция, Кипр  жана АКШ Жер ортолук деңиздин чыгышында Түркияга каршы машыгууларды өткөргөнүн билдирди.