12.09.2018 10:59

Түркия Кыргызстанды каалагандай калчай баштадыбы?

Түркия Кыргызстанды каалагандай калчай баштадыбы?

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алдык. Эстафетаны Түркия улантмай болду. Түркия демекчи, Көчмөндөр оюндарынан кийин эле жуманын кызуу талкууга алынган темасы түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганга тиешелүү. Ал биздин өлкөгө болгон иш сапары учурунда кесиптеши Сооронбай Жээнбековго уй тилиндей кагаз кармата кетиптир. Бизге багытталган кат ичинде Түркияда террордук деп эсептелген ФЕТӨ уюмунун Кыргызстандагы 130 мүчөсүнүнүн ысымы жазылган. Түрк туугандардын бийлиги жек көргөн Гүлендин тарапташтарын эми аларга өткөрүп беришибиз керек экен. 

Түркия бүтүндөй ааламдын душманы катары көргөзгүсү келген Гүлендин жана анын тарапташтарынын зыянын Кыргызстан көргөн эмес. Маселе башкада. Тышкы саясаттын көп багыттуу болушу жакшы деңизчи, бирок биз дос болобуз деген өлкөлөрдүн өктөм чыккан үнү кооптондурат. Албетте, керектүү жерден баш ийкеп коюу да дипломатия. Бирок маалы келгенде баш көтөрүп, тең ата сүйлөшкөндү да унутпасак.