17.04.2020 17:00

Түркиядан келген кыргызстандыктарды дароо обсервацияга алып кетишти

Түркиядан келген кыргызстандыктарды дароо обсервацияга алып кетишти

Стамбулдан учуп келген кыргызстандыктар обсервацияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-апрелде “Манас” эл аралык аэропортунда Стамбулдан келген чартердик рейсти тосуп алышкан. Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.

Бүгүн, 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру аныкталды. СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 489 кишиге жетти. Ичинде 116сы медицина кызматкерлери.

  • Стационарда – 370
  • Реанимацияда – 4
  • Ооруканадан чыгарылды – 114
  • Каза тапты – 5

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын 1-мартында Кыргызстанда элдин жалпы саны 6 миллион 542 миң адамга жетти.