03.04.2018 10:03

Түркмөнстанда аялдарга чачты ачык түскө боёого тыюу салынып, боёкторду киргизүүдө чек коюлууда

Түркмөнстанда аялдарга чачты ачык түскө боёого тыюу салынып, боёкторду киргизүүдө чек коюлууда

Түркмөнстандын бажы кызматы чачты ачык түскө боей  турган боёкторду өткөрбөй баштады. Бул тууралуу  «Хроники Туркменистана»  сайты билдирет.

Ошондой эле, кирпик жана тырмак өстүрүүдө колдонулуучу материалдарды киргизүүгө тыюу салынды.  Бул өлкөгө буга чейин киргизилген материалдардын  кымбатташына алып келди.

Андан тышкары, апрель айынан баштап, дүкөн текчелериндеги чачты ачык түскө боёочу каражаттар, тырмак  үчүн гель жана башка ушул сыяктуу товарлар жок кылынат.  

Эскерте кетсек, Түркмөнстанда марттан баштап, борбордогу мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда иштеген  аялдарга тырмагын боёого жана өстүрүүгө, кирпик өстүрүүгө, чачын ачык түскө боёп жана алтын жасалгаларын тагынууга тыюу салынган.