28.05.2018 13:42

Түркмөнстанда азык-түлүккө кезек күткөндөр мушташууга чейин барышууда

Түркмөнстанда азык-түлүккө кезек күткөндөр  мушташууга чейин барышууда

Ашхабадда азык-түлүк сатып алууга дүкөндөрдө кезекте тургандар арасында уруш, кээде мушташ болуп кетип жатат. Бул туурасында  «Азатлык»  түрмөн радиосу билдирди.

Радио Ашхабаддын айрым тургундарынын сөзүнө таянып, борбордун 30-кичи районундагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн алдында адамдар таң ата электе эле кезекке туруп башташаарын билдирди. Бул райондун жашоочулары 1 литр өсүмдүк майын, бир кг ун же шекер сатып алуу үчүн күн чыга электе дүкөндүн алдына келүүгө аргасыз.

Бир колго чектелүү гана азык-түлүк сатылып жаткандыктан кээ бир аялдар үй-бүлөсүн тойгузуу максатында 2-3 жерде кезек ээлешет.  

Бир тургундун айтымында, акыркы жумада азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн жанында абалды көзөмөлдөп турган полиция жана атайын кызматтардын өкүлдөрү көбөйдү.

«Ар бир дүкөндүн жанында 5-6 адам турат. Алардын кезек талашып, мушташып жаткан аялдар менен иши да жок. Болгону кезекте тургандар бул абалды телефонго тартып албасын деп кайтарышат.  Бийликти өлкөдө эмне болуп жатканы кызыктырбайт. Алар бул тууралуу маалымат интернетке чыгып кетип, чет өлкөлөр билип калбаса экен деп эле чоочулашат. Өлкө башчыга мамлекеттеги чыныгы абалды айтып барган бирөө жок. Тескерисинче, ар жума сайын телевизордон көрсөтүлүүчү өкмөт жыйынында «баары сонун, баары укмуш, көрсөткүчтөр 110 пайызга жетип жатат»  деп маалымат беришет.  Ал эми, дүкөндөрдөгү кезектер чоочун көзгө чалдыкпаш үчүн азык-түлүктөрдү дүкөндөрдүн артындагы эшиктен сатышат. Мындай жол менен алар мамлекет башчысын алдап жатышат», -деп билдирген атын атагысы келбеген жаран.

Басылманын маалыматына караганда, Түркмөнстанда баалардын өсүшүнөн сырткары, көп азык-түлүктөрдүн таңсыктыгы байкалууда.