22.08.2018 17:47

Төрт мамлекет башчысы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышаарын тастыкташты

Төрт мамлекет башчысы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышаарын тастыкташты

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Венгриянын Премьер-министри катышаарын тастыкташты. Бул туурасында 22-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга жасай турган мамлекеттик визити боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында чакыруу бир катар мамлекет башчыларга жана түрдүү уюмдардын жетекчилерине жиберилген. «Учурда жогорку даражалуу коноктордун жана чет элдик делегациялардын визиттерине даярдык  көрүү иштери улантылып жатат. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына дагы кимдер келээри кийинчерээк так белгилүү болот», -деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.