03.05.2020 09:00

Улуу Ата-Мекендик согуш. Виртуалдык сүрөт көргөзмө ачылды

Улуу Ата-Мекендик согуш. Виртуалдык сүрөт көргөзмө ачылды

Мамлекеттик Архив агенттиги Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына утурлай виртуалдык сүрөт көргөзмө уюштурду.

Сүрөт көргөзмөсү өлкөнүн мамлекеттик архивдеринде сакталган документтердин негизинде даярдалган. Аны менен бул шилтеме (pobeda.archive.kg) аркылуу таанышууга болот.

«Жарандар сайттан 1941-1945-жылдардын документтерин көрө алышат. Алардын ичинде Кыргыз ССРинин ачыкка чыгарылган телеграммалары жана токтомдору, «Фронттон кат» виртуалдык көргөзмөсү, фронтко жардам жөнөткөн кыргызстандыктардын сүрөттөрү бар», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары порталда 1945-жылы Фрунзе шаарынын көчөлөрүндө Жеңиш күнүн майрамдоодо түшүрүлгөн, согушка катышкан кыргызстандыктардын сүрөттөрү бар.