07.08.2018 16:28

Унааларга чыгым алып келген Бишкек-Токмок автожолу

Пайдасынан зыяны көп. Оңдолуп жаткан жолдор айдоочуларга чыгым гана алып келүүдө. Дегенибиз Бишкек-Токмок трассасын жаңылоонун ордуна үстүнө шагыл төгүлгөн. Унаанын жүрүшүнөн майда таштар учуп, айнектерди сындырып жатат. Капчыгына урган мындай күтүүсүз чыгымдарга айдоочулар нааразы.