25.10.2018 12:45

Уйкучу министрликтин картөшкөсү сатылбайт

Уйкучу министрликтин картөшкөсү сатылбайт

Картөшкөнун айынан жетекчилеринин алдындагы креслолору термелип жаткан дагы бир министрлик бар. Ал күз келээри менен ишинин жыйынтыктары көрүнүп, жооп берүү убагы жеткен Айыл чарба министрлиги. Өлкөдө картөшкөнүн баасы кескин түшүп кетип, дыйкандардын мээнети акталган жок. Чоңдордун берген убадалары таш капты. Үстүбүздөгү жылдын башында өкмөт биздин картөшкөнү Өзбекстан сатып алат деп жар салган эле. Ага ишенген фермерлер быйыл мол түшүм алып, аны 5 сомдон сатып, чыгашага учурады. Айыл чарба министрлиги ар кайсы шылтоолорду айтып актанууда.