25.07.2018 16:40

Уюлдук телефондорду каттоонун кандай зарылчылыгы бар?

Ар бир телефонду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү керек. Өкмөттүн бул демилгеси коомдун кыжырын кайнатууда. Маселен, каттоо процесси акысыз эмес, туура 100 сом турат. Бийликтегилердин баамында, бул долбоор аркылуу коррупция жана аткезчилик менен күрөшөт имиш. Бирок мындай жүйөөгө ишенгендер аз. Уюлдук телефондорду массалык түрдө каттоонун кандай зарылчылыгы бар эле?