20.04.2018 12:00

Вашингтондо Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайга арналган китептин бет ачары өттү

Вашингтондо Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайга арналган  китептин бет ачары өттү

Вашингтон шаарындагы  АКШнын Конгрессинин китепканасында америкалык изилдөөчү Жеффи Лилинин  «Have the Mountains Fallen?» («Тоолор куладыбы?») деген аталыштагы китебинин бет ачары болду. Иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып өткөрүлгөн. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.   

Иш-чаранын жүрүшүндө  Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов аталган китеп  Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган чоң урмат-сый катары абдан маанилүү экенин билдирди. 

Бет ачардын жүрүшүндө Жеффи Лили өз китебинде Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын чиеленишкен тагдыры тууралуу баяндаганын айтып берди.  Автор кыргыз элинин эгемендүүлүккө карай басып өткөн жолунда көргөн азап-тозогун  Кыргызстандын эки чыгаан уулдарынын өмүр баяны аркылуу  ачып берген.

Кадыр Токтогулов бул англис тилинде чыккан китеп сөзсүз кыргыз тилине которулушу керектигин билдирди. 

Иш-чарага АКШнын Мамлекеттик департаментинин, онгресс китепканасынын  өкүлдөрү жана Вашингтон шаарынын дипломаттык коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Жеффи Лили Кыргызстанга алгачкы жолу 2004-жылы келген. Эл аралык уюмдардын Бишкектеги кеңселеринде иштеп жүрүп, ал Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын тагдырына кызыгып калат. Анын бул эки кыргыз тууралуу жазган китеби АКШда жакында жарык көрмөкчү.