27.04.2018 14:57

Велосипедчен карыя Өзбекстандан Ошту беттеп сапарга чыкты

Велосипедчен карыя Өзбекстандан Ошту беттеп сапарга чыкты

Өзбекстандын 81 жаштагы тургуну Элмурад Чориев  велосипед  менен Ош шаарын көрүп келүүгө  жол тартты.   Ангор районунан чыккан аксакал 26-апрелде Ташкентке жеткен. Бул туурасында Ca-News жазып чыкты. 

Өзбекстандык блогер карыя менен маек курган.  Карыянын айтымында, 1953-жылы студент кезде теңтуштары менен Ош шаарына келип кеткен.

“3 дос балам  менен саякаттап келип кеткенбиз. Анжиян менен Оштун ортосундагы аралык – 100 чакырымга жакын. Эми мынтип кайра бир көргүм келип, жолго чыктым. Балким, башка шаарларына да барганга үлгүрөөрмүн”, -дейт Элмурад Чориев.

Алгач  аксакал  велосипед менен Кытайга чейин барууну  көздөгөн. Бирок, виза алууга жана башка чыгымдарга кете турган каражат маселесинен улам, ал өзүнүн  велосаякатын  коңшу Кыргызстанда жыйынтыктоону чечкен.

Блогер менен болгон маегинде карыя күндүз жол жүрүп, түнкүсүн кайсы айыл же шаарга жетсе, ошол жактагы адамдардын үйлөрүндө конуп жатканын билдирген. “Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы адам мени кондуруудан баш тарткан жок. Тескерисинче,  баары мени конокко чакырып жатышат”- дейт аксакал.