ВИЧ илдети - жашоого жолтоо эмес

ВИЧ илдети - жашоого жолтоо эмес

Үч жылдан кийин Глобалдык СПИД фонду Кыргызстанга каражат берүүнү токтотот. Мамлекет мындан ары бул илдет менен өз алдынча күрөшүшү керек.

Ар бир ВИЧ инфекциясы бар адамга жашоо сапатын жакшырткан АРВ-препараттарын акчасын бюджеттен бөлүшү абзел. А бизде оорулуулардын расмий саны 8 миң 600 кишиге жетти. Коомчулукта болсо ВИЧ инфекциясы бар адамдарды бөлүп, алар ар кандай кемсинтүүлөргө кабылышат. Бул- маалыматтын жоктугунан дейт адистер.