04.10.2018 15:11

Врачтардын айлык акысы көтөрүлөт, бирок баарыныкы эмес

Врачтардын айлык акысы көтөрүлөт, бирок баарыныкы эмес

Ушул айдын соңунда үй-бүлөлүк дарыгерлер үстөк акы кошулуп, жогорулатылган маянаны күтүп жатышат. Ар бир ак халатчандын эмгеги өзүнчө бааланып, базалык эмгек акысына гонорар катары кошумча акча берилиши керек. Бул жаатта өкмөттүн токтому чыгып, саламаттыкты сактоо министрлиги айлыкты көтөрөбүз, деп алдын ала жар салган эле. Бирок, бардыгы ойдогудай эмес экен. Чоң шаарлардагы жүздөгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер үстөк маянадан кол жууп калышы мүмкүн. Толугураак төмөнкү видеодо: