10.04.2018 11:37

Юстиция министри кызматына Айнур Абдылдаеванын талапкерлиги сунушталууда

Юстиция министри кызматына  Айнур Абдылдаеванын талапкерлиги сунушталууда

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети КР Премьер-министри Сапар Исаков тарабынан сунушталган юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин жактырып, ал маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынан билдиришти. 

Айнур Абдылдаева буга чейин Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалап келген.