25.05.2018 17:42

Жакында "Улуу кыргыз оюндары" тасмасы көпчүлүктүн сынына коюлат

Жакында "Улуу кыргыз оюндары" тасмасы көпчүлүктүн сынына коюлат

Жакында көрүүчүлөргө улуттук спорттук оюндарына арналган "Улуу кыргыз оюндары" тасмасы  көрсөтүлөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-майда даректүү тасманын бет ачары өткөн. Аны тартуу иштери  2016-жылкы  II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин эле башталган.  Ал кыргыз элинин жана көчмөндөрдүн спорттук оюндарынын маани-маңызы, тарыхы жөнүндө баяндаган биринчи тасма болуп калат.

Фильмде "Манас" эпосундагы эпизоддор анимацияланып, көк бөрү, ат чабыш, ордо жана кыргыз күрөшү тууралуу көрсөтүлөт.

Андан сырткары, фильмде белгилүү спортчулардын жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча борбордун жетекчилеринин маектери жана архивдик видеолор колдонулган.

Тасма тартуу иштери Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында жүргүзүлгөн. Эми аны жакынкы аралыктар республикалык телеканалдар аркылуу көрүүчүлөргө сунуштоо пландалууда.