15.05.2020 09:30

Жалал-Абад облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

14-май күнү саат 22:16да Өзбекистандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылында, Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон айылдарында 4 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында жана Аксы районунун Кербен, Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.