07.05.2018 15:25

Жалал-Абад шаарындагы №6 мектептин курулушун жаңы окуу жылына чейин бүтүрүү тапшырылды

Жалал-Абад шаарындагы  №6 мектептин курулушун  жаңы окуу жылына чейин бүтүрүү тапшырылды

Премьер-министр  Жалал-Абад шаарындагы № 6 орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев аткарылган курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Мектеп 275 окуучулук орунга эсептелип, графикке ылайык, курулуш иштери жаңы окуу жылы башталгыча жыйынтыкталышы керек.

Өкмөт башчы мектептин курулуш планы менен таанышып, окуу кабинеттерин жана спорттук зал курулчу тилкени көрүп чыкты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев курулуш иштеринин сапатына жана атамекендик курулуш материалдарын пайдаланууга өзгөчө басым жасоо менен мектеп курулушун жыйынтыктоону тездетүү тапшырмасын берди.

«Балдар жарык жана кенен класстарда билим алуусу кажет. Жалал-Абад шаары жаңы заманбап билим берүү мекемелерине муктаж экендигин эске алуу менен мектепти келерки Билим күнүнө карата ачуу зарыл», - деп белгиледи Өкмөт башчы.