17.08.2018 16:10

Жалал-Абаддагы Барпы театрынын жамааты өз күчү менен ремонт жасоодо

Жалал-Абаддагы Барпы театрынын жамааты өз күчү менен ремонт  жасоодо

Жалал-Абад облусттук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын имаратында оңдоп-түзөө иштери  жүрүп жатат. 1967-жылы ишке берилген маданият үйүндө өткөн жылдары бир канча бөлмөлөр жаңыланган менен имараттын ичи-сыртында 2011-жылдан бери ремонт болгон эмес. Мындан улам, театр жамааты бюджеттен акча бөлүнүшүн күтүп отурбай, өз күчтөрү менен имаратты жаңылоону чечишкен. 

«Жылда эле ремонт жасайт элек деп долбоор беребиз. Бирок, бюджетте акча жок экенин көрүп турбайбызбы. Андыктан, күтүп отура бербей, өзүбүздүн атайын эсептеги акчадан алып, театрдын ичи-сыртын капиталдык ремонттон өткөрүп жатабыз. Усталарды жалдоо үчүн тендер жарыялайлы десек, болгон акчабыз аларга эле кетип, материалга акча калбай калчудай. Мындан улам, жалпы жамаат өз күчүбүз менен кылалы деп чечип, ишти баштадык», -дейт театрдын жетекчиси Санжарбек Бердибаев. 

Учурда театр кызматкерлери имаратта оңдоп-түзөө, актап-сырдоо иштерин жасап жатышат. Сырткы дубалдардын жарылып кеткен жерлери толук кырылып, тазаланып, кайра сырдалууда.

«Жыл башында ремонт иштерге деп 150 миң сом бөлүп беришкен. Ал эмнеге жетет? Театрда 250 чарчы метрлик фойебиз бар. Анын полу илгерки Союз убагындагы паркет менен болчу. Азыр паркеттин үстүңкү бетин толугу менен сүрүп салып, кайра лактап атабыз. Фойенин ички дубалдарын да кырып, кайра жаңылап шыбап, сырдайбыз. Артисттердин костюмдарын сактаган жайыбыз, тигүүчү цехибизде эшиктер эски эле, алардын баарын жаңылаш керек. Андан сырткары, көркөм жетекчинин бөлмөсү, көрүүчүлөр залы, иш кабинеттер бар дегендей. Ушулардын баарын заманга ылайык жасалгалап жатабыз.  Канализацияга да акча каратканбыз, аны да өзүбүздүн адистер жасайт», -дейт Бердибаев.

Учурда театрда жалпысынан 83 адам иштейт. Техникалык курам, жетекчилик, бухгалтерия кызматкерлери ремонт иштери менен алек болуп атса, чыгармачыл топто да иш кызуу жүрүүдө. 

«Азыр биздин 30 адамдан турган чыгармачыл топ Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярданууда. Ал жакта Хан Ордодогу республикалык театралдаштырылган оюнга катышабыз. Андан сырткары облустун Ордосунда «Келин алуу» театралдаштырылган улуттук каада-салтын көрсөтүп берүү тапшырмасы берилген. Бир учурда баарын жасап, баарына жетишип жатабыз. 8-сентябрда Көчмөндөр оюнунан келсек, 10-сентябрдан баштап, көрүүчүлөрүбүзгө  жаңыланган театр имаратында өнөрүбүздү тартуулап баштайбыз», -деп билдирди театрдын жетекчиси.