Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо майда башталат

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо майда башталат

Мектеп бүтүүрүчүлөрүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4—майдан тартып жүргүзүлөт. Бул тууралуу брифингде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында окуучулар тестирлөөгө даярдыктарын улантуусу зарыл.

“4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат. Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, – деди Исаков.

 

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелге чейин жүрмөк. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу каттоо убактысы жылдырылган.