02.08.2018 14:20

Жантөрө Сатыбалдиевдин кандай байлыктары бар?

Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды. Бул маалыматты Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тастыктады. Сатыбалдиевге ЖЭБди жаңылоодо коррупцияга жол берген деген айып тагылып, камакка алынган. Темир тор артындагы аткаминер канча байлык топтоого жетишкен?