20.01.2020 12:07

Жапайы жырткыч Балыкчы шаарын аралап кирди

Жапайы жырткыч Балыкчы шаарын аралап кирди

Түнкүсүн Балыкчы шаарын карышкырлар аралай башташты. Жапайы жырткыч караңгыда көчөдө жүргөн жеринен жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан.

Караңгыда адашып жүргөн карышкырды күн мурун, 19-январда түнкү саат 23:00дөр чамасында көрүшкөн.

Балыкчы шаарынын тургундарынын маалыматына караганда, карышкырдын алдыңкы оң бутунын жарадар болуптур. Жана ал ургаачы жандык экенин байкашкан.