11.12.2019 15:03

Жаңы айдоочулук күбөлүктүн баасы бычылды

Жаңы айдоочулук күбөлүктүн баасы бычылды

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 733 сом деп бычылды. Ал мурунку баасынан дээрлик 573 сомго арзандаган. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы кабарлайт.

Эске салсак, жаңы күбөлүктөрдү 9-декабрдан тарта бере башташкан. Себеп, мурункулары 2011-жылдан бери жаңыланбай, сапаты, баасы талаптарга жооп берген эмес.

Ал эми бланктардын баасы тогуз эсеге кыскарып, 100,86 сомду түзгөн. Жана ал улуттук валютада бекитилген. Буга чейин баасы евро менен көрсөтүлүп, акча бирдигинин курсуна жараша өзгөрүп турчу.

Белгилей кетсек, айдоочулук күбөлүктүн баасы бланктын баасынан жогору болот.