12.09.2018 16:54

Жээнбеков Эрдоганга "Сапат" (Себат) лицейлерин береби?

Жээнбеков Эрдоганга "Сапат" (Себат) лицейлерин береби?

Түркиянын ички саясий окуялары чыңалып отуруп Кыргызстанга талап иретинде жетти. Тагдыры кейиштүү абалга кептелген түрк лицейлери Эрдоган негиздеген "Маариф" фондуна өткөрүлүшү күтүлүүдө. Мындай пландаштыруу жүрүп жатканын Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат билдирди. Анын сөздөрүн билим берүү жана илим министрлиги азырынча четке кагууда. Бирок, ошол эле Эрдогандын талаптарын аткарган мамлекеттер аз эмес. Анкаранын бул кадамдары эл аралык дипломатияга жат келээрин серепчилер билдиргени менен президент Сооронбай Жээнбековдун ишараттары Түркиянын пайдасына жасалгансыды. Улуттук кызыкчылыкка доо кеткен жокпу, деген суроо ЖМКлар менен социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Бул окуяда Орто жолдон чыга калган "Маариф" фондунун таржымалы тууралуу төмөндөгү видеодо..