07.08.2018 18:21

Жер керемети болгон Көл-Суу

Ак-Сай өрөөнүндөгү Көл-Сууга кызыкккандардын саны күн санап өсүүдө. Кооздукка күбө болуу үчүн ат арытып келгендердин арасында чет өлкөлүктөр да көп. Аймакта быйылкы кыш жеңил болгондуктан, көл соолуп калган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мындай көрүнүш маал-маалы менен болуп турат. Ошол эле учурда, көлдүн кооздугу суу менен чогуу кетип калды дегенге болбойт. Алыскы Ак-Сай өрөөнүнө кесиптештерибиз барып келген.