03.05.2018 10:48
Жеңиш күнү жүздөгөн түгөйлөр Өчпөс оттун жанында бийге түшөт
Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун 9-майда өтө турган «Жеңиш вальсы» эл аралык акциясына катышууга чакырышат. Уюштуруучулар «Евразиялыктар — жаңы толкун» фонду.
«9 –майда Бишкек шаарында Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында масштабдуу жана укмуштуудай иш-чара өтөт. Анда Жеңиш аянтында жүздөгөн түгөйлөр вальс бийлешет », — деп билдиришет фонддон.
15 жогорку окуу жайдын студенттери, мектеп окуучулары, чыгармачыл жамааттар, коомдук ишмерлер жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары акцияга катышууга макул болушкан.
«Башкы репетиция 3-май күнү саат 15.00дө Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттун жанында болот», — дешет уюштуруучулар.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: