29.01.2019 12:25

Жогорку Кеңеш депутаты Урмат Самаев аткезчилер менен иштешеби?

Жогорку Кеңеш депутаты Урмат Самаев аткезчилер менен иштешеби?

25-январда Токмоктогу өткөрмө пунктта аткезчилер арасында чыр чыгып, аягы атышуу менен аяктаганы кабарланган. Бирок окуядагы эң кызыктуу жагдай - чек ара кызматы расмий турдө атышуу тууралуу маалыматты төгүндөдү. Айрым маалымат булактар бул Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урмат Самаевдин иши, окуядан соң ал өткөрмө пунктка келип, атышуу тууралуу маалыматты жашыруу буйругун берген деп жазып чыгышты.

Айта кетчу жагдай, Самаев "Кыргызстан" фракциясынан контрабанда чуусуна илешкен биринчи депутаты эмес.