03.07.2018 17:05

Жогорку Сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн качан карай турганы белгисиз

Жогорку Сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн качан карай турганы белгисиз

Жогорку Сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн качан карай турганы белгисиз. Бул туурасында Knews Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновго таянып билдирди. 

Маалыматка караганда, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү Жогорку Сотко жиберилгенине көп болду. Бирок, соттук отурумдун өтчү күнү белгилене элек. 

«Биз азыр кайсыл күнү каралаары тууралуу билдирүүнү күтүп жатабыз», – деген жактоочу. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурунку премьер-министр С.Исаковду тергөө аяктагыча Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө камак жайына кармоо чечимин кабыл алган.