13.06.2018 12:32

Жогорку жана орто кесиптик билим берүү тармагында айрым чечимдерге өзгөртүүлөр киргизилди

Жогорку жана орто кесиптик билим берүү тармагында айрым чечимдерге өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечимди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жактырды. Бул туурасында өкмөт  аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Көрсөтүлгөн чечим катышып окуу-тыштан окуу (кечки), тыштан окуу жана экстернат түрүндө алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин Тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында кабыл алынды.

Бул Тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июлундагы № 354 токтому менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, жогорку окуу жайларына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге орус/өзбек/тажик тилинде окуткан мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли кыргыз тилинде окуткан мектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн кыйла айырмаланат. Жогорку окуу жайларына тапшырууда бардык абитуриенттерге бирдей шарттарды түзүп берүү зарылдыгын эске алуу менен мамлекеттик тилди билүүсү тууралуу «Кыргызстест» системасынын сертификатына ээ абитуриенттерге тапшырууга артыкчылыктуу укуктарды белгилеген ченемдер киргизилүүдө.

Муну менен бирге «Ветеринария» жана «Колдонмо информатика» адистиктерине тыштан окутуу боюнча чектөөлөр алынат.

Бул чечим адистиги боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ ветеринардык фельдшерлерге орто кесиптик билим берүү базасында өндүрүштөн бошобой жүрүп жогорку билим алууну шарттайт.

«Колдонмо информатика» багытында тыштан окутуу формасы боюнча чектөөлөрдү алып салуу көрсөтүлгөн адистикти өндүрүштө иштеп жүрүп алуу мүмкүндүгүн түзөт.