04.03.2020 15:14

Жол кырсыгы: Ошто окуучу бала «КамАЗдын» астында калып каза болду

Жол кырсыгы: Ошто окуучу бала «КамАЗдын» астында калып каза болду

Бүгүн, 4-мартта Ош шаарында 1-класстын окуучусун «КамАЗ» тебелеп кетип каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, кырсык саат 13:05 чамасында шаардын Раззаков жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактын жанында болгон.

Учурда окуяны Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери териштирүүдө.