23.04.2018 15:04

Жусуп Абдрахмановго арналган даректүү тасма тартуу үчүн режиссерлор арасында конкурс жарыяланды

Жусуп Абдрахмановго арналган даректүү тасма тартуу үчүн режиссерлор арасында конкурс жарыяланды

Кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик-коомдук ишмери Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган киносценарий боюнча даректүү фильмди тартуу үчүн кинорежиссерлор арасында конкурс жарыяланды. 

Конкурстун максаты – залкар коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү фильм тартуу аркылуу кино тармагында кесипкөйлүктү, новаторлукту, инновациялык идеяларды, технологияларды колдоо болуп саналат.

Фильмде Жусуп Абдрахмановдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү, саясий көз караштары, адамдык сапаттары ар тараптуу талдоого алынат. Ошондой эле анын улуттук лидер катары бейнесин ачып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо келечек муундардын мекенчилдик сезимин ойготуп, мамлекетке ак кызмат кылуунун таалим- тарбиялык өрнөктөрүн ачып көрсөтүүгɵ багытталат.

Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү киносценарий Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын көркөм кеңешинде кабыл алынган жана кыргыз тарыхчылары тарабынан жактырылган.

Конкурска катышууну каалаган кинорежиссерлор:

1. Режиссердук сценарийди;

2. Даректүү фильмге кетүүчү чыгымдарды;

3. Фильмди тартуунун мөөнөттүк иш планын

2018-жылдын 1-июлуна чейин Аскар Салымбеков фондусуна тапшырып, белгиленген күнү өз идея-сунуштарын коргоого милдеттүү.

Конкурстун жеңүүчүсү аталган даректүү фильмди тартуу укугун алат.

“Аскар Салымбеков фонду” коомдук фондусу,

Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү № 115А

Сурап билүү телефону: 0312 620921, 0772 09 29 09

Сайт: www.askarsalymbekov.kg

Электронндук дарек: fpi.kg@mail.ru