25.05.2020 11:03

Үрөй учурган жол кырсыгы. Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсык 4 адамдын өмүн алды (сүрөт)

Үрөй учурган жол кырсыгы. Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсык 4 адамдын өмүн алды (сүрөт)

Бишкек-Ош трассасында жол кырсыгынан төрт адам мерт кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда авто кырсык бүгүн түнү саат 01:00 чамасында Ош–Бишкек унаа жолунун 355-чакырымында катталган. Honda Odyssey унаасынын айдоочусу Бишкекти көздөй бара жатып, унаасын чукул бурулушта башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинде 200 метрдей тик жерге ылдый түшүп кеткени айтылат.

«Жол кырсыгынан Кыргыз-Ата айылынын 3 тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн. Айдоочу Т.Б. менен кошо 3 адам каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

болгон унаа кырсыктан 4 адам мерт болду. Бул тууралуу Жалал-Абад бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.