24.01.2020 12:08

Үй-бүлөлүк зомбулук: Чоң муштум күйөөсүнөн кордук көргөн аял алты күн дегенде араң табылган

Үй-бүлөлүк зомбулук: Чоң муштум күйөөсүнөн кордук көргөн аял алты күн дегенде араң табылган

Баткен районунда үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан аялы үйүнөн качып кеткен факты катталды. Бул тууралуу ОИИББдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 16-январда милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, 30 жаштагы кызы дайынсыз жоголгонун айткан. Кийин изделип жаткан аял туугандарынын үйүнөн табылган.

Жабыркаганын айткан келин учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жатат.

Белгилүү болгондой, 22-январда милицияга издөөдө жүргөн аял өзү кайрылып, жолдошу сабап салгандан кийин үйүнөн качып кеткенин айткан. Ал кол көтөргөн күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталлды. Экспертизанын жыйынтыгы менен кол көтөргөн жаранга юридикалык баа берилет.

2019-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган.