05.07.2018 10:11

ӨКМ: Лейлекте май куйган бекеттеги өрттөн жабыркагандардын саны төрткө жетти

ӨКМ: Лейлекте май куйган бекеттеги өрттөн жабыркагандардын саны төрткө жетти

Лейлекте өрттүн кесепетинен  төрт адам жабыркады: бир кыргыз жараны жана 3 тажик жараны. Ошондой эле, 1 май куюучу станция толугу менен күйүп, 1 май куюучу станциянын кеңсеси жана 5 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйгөн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

2018-жылдын 4-июлунда саат 20:30да Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Жаштык айылында жайгашкан май куюучу станциядан өрт чыккан.

Жерине КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу, КР ӨКМнин №108 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм ИИМден 30 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада жана өз ара кызматтыштыктын алкагында Тажик Республикасынын жакын жайгашкан районунан 3 бөлүм тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 22:40да чектөөгө алынып, саат 05:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн кесепетинен жабыркаган 1963-жылкы Т.Б. аттуу кыргыз жараны Кулунду айылындагы ооруканага жаткырылган. Ал эми тажик жарандарын өздөрүнүн ооруканасына алып кетишкен. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.