25.05.2018 08:30

Өкмөт башчы «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолунун тилкесинин курулушун тездетүүнү тапшырды

Өкмөт башчы «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолунун тилкесинин курулушун тездетүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолунун тилкесинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалданма компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

«Бул унаа жолу республикадагы кыймыл эң көп жолдордун бири. Мындан улам анын курулушун тездетүү кажет. Зарылдыкка жараша эки смена менен, анын ичинде жолдун кыймыл аз тилкелеринде түнкүсүн ишти жүргүзүү керек. Аны менен бирге «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолу реконструкциядан кийин сапаттуу болуп жана бардык заманбап талаптарга жооп бериши шарт”, - деп тапшырды ал.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев каржылоо боюнча маселе жок экенин маалымдады.

Курулуш иштери жүрүп жаткан тилкенин жалпы узундугу 45,1 км түзөт.

Ишти жүргүзүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынан донордук каражаттар тартылган.

Курулуш 2017-жылы башталган жана 2021-жылы аяктоо пландалууда. Жалпысынан 84 жол техникасы тартылган. Учурда айрым тилкелерде жол иштери, бактарды кыркуу жана суу өткөрмө түтүктөрүн орнотуу аяктады. Мындан тышкары, 85 жаңы электр өткөрүүчү чубалгыларын жана 120 байланыш  линияларын жылдыруу ишке ашырылды.

Андан соң Премьер-министр Жайыл районунун Бекитай айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Мында курулуш иштери бүгүнкү күнгө карата 80%га аяктаган. Объектти каржылоо толук түрдө камсыздалган.

Мухаммедкалый Абылгазиев спорттун өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу өзгөчө ролун ырастап, бардык иштерди сапаттуу аяктоону тапшырды.