05.06.2018 10:47

Өкмөт башчы: Кыргызстанда ири инвесторлорду тартуу үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек

Өкмөт башчы: Кыргызстанда ири инвесторлорду тартуу үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек

Премьер-министр укук коргоо органдарынын өлкөнүн ири инвесторлору менен өз ара аракеттенүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-июнда, КР  вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировдун катышуусунда инвесторлор менен өз ара аракеттенүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстанда ири инвесторлорду тартуу үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек.

«Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу маселеси өкмөттүн ишиндеги маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу аймактардын социалдык-экономикалык абалын кыйла жакшыртууга болот», - деп белгиледи премьер-министр жана укук коргоо органдары экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү көрсөткүчтөрүн кубалап, ишкер чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирбеши зарылдыгын кошумчалады.

«Коррупцияга каршы жарыяланган күрөш көрүнүктүү натыйжаларын берүүдө жана ушул темпте улантылышы керек. Буга катар инвесторлорго да көмөктөшүп, колдоо көрсөтүү зарыл. Тартылган инвестицияларга жараша өлкөдө жаңы ишканалар ачылып, жумушчу орундар түзүлүп, салык төлөмдөрүнүн көлөмү жогорулоодо», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ири инвесторлорго карата кылмыш иштерин тергөөнү өзгөчө көзөмөлгө алууну жана тергөө чараларын жүргүзүүдө акыйкаттык жана бейтараптуулукту камсыздоону тапшырды.