06.06.2018 10:11

Өкмөт башчы парламент имаратында полго төккөн кофесин өзү тазалады

Өкмөт башчы парламент имаратында полго төккөн кофесин өзү тазалады

Нидерланды премьери Марк Рютте 5-июнда жолугушууларды өткөрүү үчүн өлкө парламентине келген. Саясатчы имараттын кире беришиндеги турникеттен өтүү учурунда колундагы кофесин төгүп алган.

Буга Рютте кайгырган эмес, бирок андан кийин болгон окуя күбөлөрдү таң калтырган. Күзөтчүлөр тазалык кызматкерлерин чакырган учурда өкмөт башчы пол жуугучту алып, кофе төгүлгөн жерди өзү тазалаган.

Ал чүпүрөк менен турникетти да сүрткөн.

Рютте – социалист, “Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиясынын” лидери. 2017-жылы жазында өткөн шайлоодо “голландиялык Трампты” жеңип бийликти алган. Саясатка келгенге чейин ал көп убакыт Unilever компаниясында иштеп, персоналдарга дем берүү жумуштарын алып барган.