08.05.2018 11:58

Өкмөт башчыны коштоп жүргөн эки жол тандабас жол кырсыгына кабылды

Өкмөт башчыны коштоп жүргөн эки жол тандабас жол кырсыгына кабылды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кортежине таандык эки жол тандабас жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында Turmush.kg жазып чыкты. 

«Тойота Лэнд Крузер 200»  жана «Лексус LX570» автоунаалары катышкан жол кырсыгы премьер-министрдин 7-майдагы Өзгөн районуна болгон иш сапары учурунда жүз берди. Жабыркагандар жок. 

Премьер-министр М.Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, 2017-жылдын 29-апрелиндеги жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районунун Аюу айылынын тургундары менен жолугушканы барган.