20.03.2018 16:14

Өкмөт Мамлекеттик чек ара кызматынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулады

Бүгүн Өкмөттө Мамлекеттик чек ара кызматынын  учурдагы кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өттү. Ага Премьер-министр Сапар Исаков катышты.  

Өкмөт башчы кызматтын  чек ара коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү ролун белгилеп, мамлекет  атамекендик чек ара тутумун өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүнү улантаарын кошумчалады.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, бүгүнкү күндө МЧК жеке курамы өлкө чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча штаттык режимде кызмат өтөөдө. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамы тарабынан эки миңден ашуун ыкчам тапшырмалар аткарылып, 15 миңден ашуун салык жашыруу фактысы жана жалпы суммасы 9 млн сомго жакын контрабандалык товарларды ташуунун 14 фактысы аныкталган. 

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн жактардын жалпы саны 3 млн ашуун адамды түзгөн, ошондой эле 200 миңге жакын транспорттук каражат өткөрүлгөн.

Уларбек Шаршеев кыргыз-өзбек чек арасындагы чектөөлөрдүн алынып салынышына байланыштуу, чек арадагы өткөрүү пункттарында адамдардын агымы көбөйгөнүн, мындан улам чек арачылардын санын жогорулатуу муктаждыгы жаралганын кошумчалады. 

 Өкмөт башчы чек ара өткөрүү пункттарындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды. Ошондой эле, өлкөнүн бардык өткөрүү пункттарын видеокөзөмөлдөө камералары менен камсыздоо мүмкүндүгүн карап көрүүнү тапшырды.