18.06.2018 16:17

Өкмөт Москвада кыргыз таксист коюп кеткен жарандарды өлкөгө келип ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырат

  Москвадагы жол кырсыгы (6 материалов)
Өкмөт Москвада кыргыз таксист коюп кеткен жарандарды өлкөгө келип ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркагандарды эс алуу жана реабилитациядан өтүүгө чакырды. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн, 18-июнда,  Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. «Ишемби, 16-июнда, Москва шаарынын борборунда биздин мекендешибиз, Кыргыз Республикасынын жараны Чыңгыз Анарбек уулу унаа менен жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен. Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен бир нече адам, анын ичинде футбол күйөрмандары жабыркаган. Бул абдан өкүнүчтүү, бирок, атайын жасалган жок», - деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россия Федерациясынын Ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушуусу пландалган жакынкы күндөрдөгү Россия Федерациясына жумушчу сапарында жабыркагандарды барып көрүүнү тапшырды.

«Бул окуя Россиянын аймагында иштеген биздин жарандарыбыз үчүн куугунтуктоолор жана кысым көрсөтүүлөр үчүн себеп болбошу керек. Бул кырсык. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын учуу жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Анын менен бирге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрине Чыңгыз Анарбек уулу менен жолугушуп, ага квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Москвада таксист унаа жолдон чыгып, тротуарда бара жаткан адамдар тобун коюп кеткен. Андан 8 адам жаракат алган. Бешөө ооруканадан ошол эле күнү чыгарылып, дагы 3 адам канааттандыраарлык абалда дарыгерлердин көзөмөлүндө экени, жакын арада үйлөрүнө чыгарылаары айтылган. 

Бул факт боюнча "Жол кыймылынын эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.