27.04.2018 10:51

Өлкөдө 25 миңден ашуун айдоочу унааларын өздөрүнө каттатышты

Өлкөдө 25 миңден ашуун айдоочу унааларын өздөрүнө каттатышты

Унааларды жеңилдетилген түрдө кайра каттатуу улуттук кампаниясы башталгандан  бери   25 миң 305 менчик ээлери унааларын өздөрүнө каттатышты. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мекемеден белгилешкендей,  унаа ээлери  каражатын үнөмдөө максатында унааны өзүнө каттатпай, ишеним кат менен жүрө беришкен. Андай учурда “Транспорт” автоматташтырылган маалыматтык тутуму унаа кимде катталса, ошол адамды ээси катары эсептей турганын эске албай калышкан.

Мындай абалда унаанын жол кыймылын бузгандыгы тууралуу бардык билдирүүлөр мурунку ээсине келип, бир  топ кыйынчылык жаратмак.

Улуттук кампанияны  баштоо менен менчик ээлеринин санын кыскартуу каралууда. Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин билдиргенине караганда. кампания жүрүп жаткан маалда унааларын кайра каттатуу 3 эсеге өскөн.

Эми автоунаа ээлери колдонулган мамлекеттик каттоо номерлерин бекер ала алышат. Ошондой эле, жеңилдетилген кайра каттоо маалында менчик ээсинин каалоосу менен “Өзгөчө белгилер” тилкесине тиешелүү жазууларды кошуу менен техпаспортту калтырса болот. Мындан кийин менчик ээси тууралуу маалыматтар “Транспорт” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна киргизилип, жаңы ээси тууралуу электрондук база түзүлөт.