28.03.2019 10:07

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга качан келери так айтылган жок

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга качан келери так айтылган жок

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келери кечээ расмий түрдө тастыкталды. Ал эми анын шайлоо алдында Он-Адырда айткан сөздөрү боюнча жоопкерчиликке тартууга негиз жок. Бул тууралуу анын өкүлдөрү билдирди.

Ал учурда Бабанов бир-эки күндүн ичинде учак менен Манас аэропортунан эмес, Казакстанды басып өтүп, Талас облусу аркылуу Кыргызстанга кирет деген кептер айтыла баштады. Бирок, бул маалыматтар такталган эмес.

Бабанов өлкөгө келсе саясат менен алектенээри турган иш, бул көрүнүш азыркы бийликке жага бербейт дешет саясат таануучулар.