14.03.2018 16:40

Өзбекстан Тажикстанга көгүлтүр отунду дүйнөлүк баасынан эки эсе арзан сатат

Өзбекстан  Тажикстанга  көгүлтүр отунду  дүйнөлүк  баасынан эки эсе арзан сатат

2018-жылы Өзбекстан Тажикстанга көлөмү  126 миллион кубjметрге жакын жаратылыш газын 15,1 млн долларга сатат. Бул боюнча келишим эки мамлекеттин газ бөлүштүрүүчү компаниялары тарабынан жетишилди. Документте Тажикстан 126 млн кубjметр өзбек газын алаары көрсөтүлгөн.

Жаратылыш газын сатуу жана сатып алуу келишимине «Тажиктрансгаз» ААК менен «Узтрансгаз» АК башчылары тарабынан  9-мартта Өзбекстан мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.  Бул тууралуу  тажик ЖМКлары билдирет.  

«Кол коюлган келишимге ылайык, Өзбекстан 2018-жылы Тажикстанга жалпы наркы 15,1 млн долларды түзгөн 126 млн кубjметрге жакын табигый газ берет», — деп айтылат маалыматта.

Анда көрсөтүлгөндөй, газдын бир миң кубjметри тажик тарапка  120 доллардан айланат. Бул дүйнөлүк баадан эки эсе арзан (учурда дүйнөлүк биржадагы газдын баасы бир миң кубjметри 277 доллар).