07.03.2018 15:23

Өзбекстанда 4 жаштагы кызын сабаган мурунку милиция кызматкери 6 айга эркинен ажыратылды

  Коом (6 материалов)

Өзбекстанда 4 жаштагы кызын сабап, видеого тартып алган  милиция кызматкери 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдирди.

Айыпталуучу соттук жараяндын жүрүшүндө кызы менен уулун жакшы көрө турганын, кылган ишине  өкүнүп жатканын билдирди. Айтымында, видеону 2 жылдан бери чет өлкөдө иштеп жүргөн жубайын үйгө кайтаруу максатында тарткан. “Видеону көрсө, балдарга боору ооруп, үйгө кайтып келеби деп үмүттөнгөм”, -дейт айыпталуучу.

Сотко катышкан туугандарынын айтымында, апасы кызын эки жашка толо электе эле күйөөсүнө калтырып, Түркияга иштегени кеткен. Кызды жана андан улуу уулун атасы өзү багып жаткан. Аялынын чет өлкөдө “жаман иштер” менен алектенип  жүргөнүн уккан үй-бүлө башчысы жогорудагы жорукка барган.   

Район аралык сот аны алты айга эркинен ажыратты. Ошондой эле. буга чейин аталык укуктан ажыратылган. Балдар энесине өткөрүлүп берилген.