23.05.2018 09:58

Өзбекстанда быйыл 350 миң жаңы жумуш ордун түзүү каралууда

Өзбекстанда быйыл 350 миң жаңы жумуш ордун түзүү  каралууда

Быйыл Өзбекстанда 350 миң туруктуу жаңы жумуш орун түзүлөт. Бул туурасында "Туруктуу өнүгүүнүн улуттук максаттарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” токтомдо айтылып, анын долбооруна Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

350 миң туруктуу жаңы жумуш орду Өзбекстанда чакан бизнести колдоо жана жумушсуздарды кайрадан кесиптик даярдыктан өткөрүүнүн алкагында ишке ашат.

Айыл чарба жана өндүрүштө 168,2 миң киши жумуш менен камсыз болушу керек. “Жол картасын” жана инвестициялык программаларды жүзөгө ашыруунун алкагында 20 миңдей жаңы иш ордун түзүү пландалууда.

Өзбекстан бул документти жүзөгө ашыруу менен кедейликтин деңгээлин 2030-жылга карата эки эсеге төмөндөтүүнү пландоодо.

Документте 17 стратегиялык максат бар. Алардын ичинен азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, дени сак жашоо образын камсыздоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган.